Казакстан
темир жол тармагын санариптик трансформациялоону улантууда. Өлкөдө транспорттук
системанын негизги объектилери боюнча маалыматтар Data Lake бирдиктүү маалымат
сактагычына бириктирилет. Андан кийин анын базасында жасалма интеллект жана чоң маалыматтар аналитикасын колдонуу менен
Smart Rail интеллектуалдык платформасы ишке киргизилет. Алгоритмдер темир
жолдордогу, локомотивдердеги жана вагондордогу сенсорлордун маалыматтарын талдап, ташуу тобокелдиктерин
алдын ала аныктап, каттамдарды оптималдаштырат деп күтүлүүдө. Өкмөт санариптик технологияларды
киргизүү Казакстандын транзиттик дараметин
жогорулатарын жана Евразиянын ири
транспорттук-логистикалык түйүндөрүнүн бири катары анын позициясын бекемдейт
деп белгилейт. Транспорт тармагында AI чечимдерин ишке киргизүүнүн
натыйжалуулугун дүйнөлүк тажрыйба далилдеди.
Олжас Бектенов, Казакстан
Премьер-Министри:
– Дүйнөнүн
көптөгөн өлкөлөрү, мисалы Кытай, Жапония, Европа Биримдиги транспорт тармагында
санариптик чечимдерди жана жасалма интеллектти киргизүү боюнча активдүү иш алып
барууда. Бул технологиялар
поезддердин кыймыл графигин оптималдаштырууга, иштебей туруп калууларды
кыскартууга, өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жана тармакты кармоонун сапатын
жогорулатууга кызмат кылат. Транспорт министрлиги «Қазақстан темир жолу»
компаниясы менен биргеликте ушул жылдын аягына чейин транспорттук-логистикалык
чынжырды реалдуу убакыт режиминде башкарууну жеңилдеткен «маалымат көлүн» түзүү
боюнча чараларды көрүшү керек.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

