Жыл башынан бери Казакстандын экономикасы 3,7% өстү. Кайра иштетүү өнөр жайда 9% өсүш байкалган. Унаа жасоо тармагында эң көрүнүктүү динамика белгиленген. Үчтүн айынан бугу айына чейин өлкөдө 80 миңден ашык унаа чыгарылды. Химия өнөр жайында өсүш дээрлик 18% түздү. Ал эми курулуш материалдарын өндүрүүдө бул көрсөткүч андан да жогору. Мындай маалыматтар экономиканын өсүшүн камсыз кылуу маселелери боюнча жыйынында айтылды. Премьер-министр Олжас Бектенов инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча иштерди күчөтүүнүн жана жаңы өндүрүштүк кубаттуулуктарды ишке киргизүүнү тездетүүнүн зарылдыгын баса белгиледи.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

