Алматыда «В5+1» форуму жыйынтыкталды

Алматыда «В5+1» форуму жыйынтыкталды

Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана АКШнын эки күндүк «В5+1» форумунда мамлекеттик-жеке менчик диалогду кеңейтүү жана аймактык бизнес чөйрөнү жакшыртуу боюнча башкы план талкууланды. Жолугушуу региондогу өлкөлөрдүн жана Америка Кошмо Штаттарынын бизнес чөйрөлөрүн бириктирүү максатында өнөктөштүктүн жаңы форматы болуп саналат. Баяндамачылар белгилегендей, аймак экономикасына электрондук коммерция, агробизнес, туризм, транспорт жана логистика сыяктуу өсүү чекиттери оң таасирин тийгизет. Ал эми Борбордук Азияда жалпы рынокту түзүү жана ишкердик байланыштарды чыңдоо эл аралык инвестицияларды көбүрөөк тартууга, соода горизонтторун кеңейтүүгө, анын ичинде дүйнөлүк рынокторго чыгууга, Чыгыш-Батыш соода коридорлорун ар тараптандырууга мүмкүндүк берет. Жыйындын катышуучулары Борбордук Азиядагы транспорттук инфраструктураны өнүктүрүүгө көңүл буруу чыгымдарды кыскартуунун жана ага жараша региондун дүйнөлүк экономикадагы атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуунун аныктоочу фактору болот деген пикирлерин билдиришти. Мындан тышкары, бизнес-форумда Борбордук Азиядагы климат, энергетика жана суу көйгөйлөрү да талкууланды. 

Тимур Жаксылыков, Улуттук экономика биринчи вице-министри: 

— Бул платформа аймактык экономикалык интеграция маселелери боюнча пикир алмашууну камсыз кылууда абдан маанилүү. Бизде Борбордук Азиянын беш өлкөсү туш болгон тобокелдиктер менен чакырыктарды жана аларды чечүү жолдору талкууланып, мамлекеттик сектор, квазимамлекеттик сектор, мамлекеттик уюмдар, бизнес-ассоциациялардын өкүлдөрүнүн катышуусу менен чогула турган  аянтчалар көп эмес. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков