Чет элдик серепчилер Казакстандагы саясий модернизацияга пикирин билдирүүдө

Чет элдик серепчилер Казакстандагы саясий модернизацияга пикирин билдирүүдө

Казакстанда бир палаталуу парламентке өтүү мыйзам чыгаруу ишинин натыйжалуулугун арттырат. Мындай пикирди литвалык саясат таануучу Альгис Крупавичюс билдирди. Анын айтымында, дүйнөдөгү 188 улуттук парламенттин 107си бир палаталуу система боюнча иштейт. Бул акыркы он жылда көптөгөн мамлекеттин баш тартып жаткан башкаруу моделинин кеңири таралганын көрсөтөт. Талдоочунун пикиринде, мындай система мыйзам чыгаруу процессин оптималдаштырууга, документтердин кайтарылышын азайтууга, ошондой эле депутаттардын коом алдындагы отчёттуулугун арттырууга мүмкүндүк берет. Ошону менен катар, ал мындай саясий өзгөрүүлөр референдумсуз кабыл алынбашы керектигин белгиледи.

Альгис Крупавичюс, Литвалык саясат таануучу,  Миколас Ромерис университетинин профессору:

- Эгер Казакстан конституциялык түзөтүүлөрдү референдум аркылуу кабыл алса, бул логикалык кадам болмок. Элдин толук катышуусу менен чечим кабыл алуу тажрыйбасы бүгүнкү күндө акырындык менен кадимки көрүнүшкө айланып баратат.

Муну менен катар, эл аралык серепчилер Казакстандын Президенти сунуштаган конституциялык реформаларды өлкөдөгү саясий жаңылануунун алкагында негизделген жана орундуу деп баалап жатат. Алардын пикиринде, сунушталып жаткан өзгөртүүлөр мамлекеттин башкаруу системасынын туруктуулугун жана натыйжалуулугун күчөтүүгө багытталган. Негизги демилгелердин катарында вице-президент институтун киргизүү жана коомдун мамлекеттик чечимдерди кабыл алуу процессине кеңири катышуусун камсыз кылууга тийиш болгон туруктуу кеңешчи орган - Элдик кеңешти түзүү көздөлүп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков