Суур, коён, ак бөкөн, карышкыр
сыяктуу Казакстан талаасындагы сүт эмүүчүлөрдүн 90дон ашык түрү жөнүндө басылма
жарык көрдү. Китеп сүрөттөр менен кооздолгон. Экинчи илимий-көпчүлүк басылманын
тааныштырылышы Астанада өттү. «Казакстандын талаа жаныбарлары» окуу куралы алардын тиричилик
этүү чөйрөсү жана республиканын экосистемасына кандай таасир этерин баяндайт.
Басылмага зоологдор менен экологдордун талаалык изилдөөлөрүнүн материалдары
негиз болду. Окурман жылдын ар бир мезгилиндеги пейзаждарды, жаныбарлардын
издеринин сүрөттөрүн, миграция багыттарын жана алардын кыш жагдайында кантип
жашай турганын, жаратылыш курчоосунда кандай коркунучтарга туш болоору тууралуу
биле алат. Жер айдоо, талаа
өртү, инфраструктура куруу жана жайыттар тууралуу
да маалымат бар. Авторлордун айтымында, китеп эң алды менен окуучуларга,
болочок биолог-студенттерге арналган. Көркөм сүрөттөрү бар басылма балдарга да
кызыктуу болот. Китеп Казакстандын жапайы жаратылышынын ар түрдүүлүгү менен
жакын тааныштырат.
Эльмира Мустафина, Басылманын
редактору, китеп чыгаруу идеясынын автору:
- Жумуш 5 жылга созулду. Казак тилиндеги алгачкы басылма 2023-жылы жарык көрдү. Азыр аны көптөгөн мектептер колдонуп жатышат. Мугалимдер ушул басылманын негизинде түрдүү квесттерди, ачык сабактарды өткөрүшөт. Азыр биз орус тилиндеги нускасын чыгардык жана муну менен чектелбейбиз. Англис тилиндеги нускасына чоң суроо-талап бар жана келечекте казак тилиндеги китепти жаңырткыбыз келет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

