Казакстанда
бештин айынын 20на чейин саламаттыкты сактоо жана
энергетика тармактарына жасалма интеллект киргизилет. Мындай тапшырманы өлкөнүн
премьер-министри мамлекет башчысынын кайрылууда белгиленген милдеттерди ишке ашыруу боюнча
санариптик штабдын жыйынында берди. Атап айтканда, жетинин айынын 15не чейин саламаттыкты
сактоо системасына жергиликтүү стартаптар киргизилет. Булар - дарыгерлер үчүн
жасалма интеллект-ассистенттер, онкологиялык ооруларды аныктоо боюнча
программалар. Ал эми бештин айынын 20на чейин 7 медициналык маалымат
системасы Qaztech платформасынын базасында экиге бириктирилет. Бул
ыкчамдуулукту жогорулатат жана дарыгерлерге болгон жүктү азайтат. Ушул эле
мөөнөткө чейин отун-энергетикалык комплексте Маалыматтык коопсуздук боюнча
тармактык борбордун иши камсыздалат. Мындан тышкары, кыштын башталышына чейин
электр жана жылуулук тармактарын диагностикалоо үчүн AI-чечимдери киргизилет. Бул
туруктуу энергия менен камсыздоого жана жылытуу сезонунун өтүшүнө өбөлгө түзөт,
деп белгилешти Өкмөттө.
Дмитрий Мун, санариптик
өнүгүү, инновациялар жана аэрокосмостук өнөржай вице-министри:
- Бүгүнкү күндө чечим бар,
ал биринчиден, дрондордун жардамы менен – тез учуп, сүрөткө тартып, керек болсо
видео тартып, астыңкы жана үстүңкү бөлүктөрүн да тарта алат. Келечекте биз
топтоп жаткан сүрөттөрдүн жана Энергетика министрлиги азыр жүргүзүп жаткан ар
бир мамынын геолокациясынын негизинде дрондор адамсыз, башкаруусуз автоматтык
түрдө учуп, белгилүү бир убакта маршрут боюнча жүрүп, жасалма интеллекттин
жардамы менен кемчиликтер тууралуу тобокелдиктерди
айтып, жылытуу сезонун үзгүлтүксүз көзөмөлдөйбүз деп пландаштырылууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

