Казакстандын президенти илим жана жогорку билим берүү министрин кабыл алды.
Саясат Нурбек мамлекет башчысына адамдык капиталды өнүктүрүү экосистемасын
түзүү жана таланттарды башкаруунун үзгүлтүксүз системасын ишке киргизүү боюнча
чараларды тааныштырды. Касым-Жомарт Токаевге 2030-жылга чейинки кадрларга
болгон муктаждыктын болжолу тууралуу маалымат берилди. Бул үчүн өлкөдө жогорку
билимге даярдоонун жаңы системасы түзүлүп, анда «Келечек» механизмин жана
тармакты каржылоонун жаңы моделин киргизүү аркылуу жеткиликтүүлүк кеңейтилет.
Президентке ошондой эле AI-Sana улуттук кыймылын ишке ашыруу жана AI-Enabled
University–билим берүү жана өндүрүш процесстерине жасалма интеллектти
интеграциялоо менен өнөр жай университетин ишке киргизүү, ошондой эле
инновациялык кластерлерди жана илим шаарчаларын камтыган илимге негизделген
аймактарды түзүү пландары тууралуу билдирилди. Саясат Нурбек DeepTech жана
татаал өндүрүштөрдү өнүктүрүүнүн моделине системалуу өтүү тууралуу айтып өттү. Жолугушуунун
жыйынтыгында мамлекет башчысы жогорку билимдин сапатын жогорулатуу, илимий
изилдөөлөрдү өнүктүрүү жана аларды коммерциялаштыруу боюнча тапшырмаларды
берди.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков

