Казакстанда Казак улуттук суу чарба жана ирригация университети түзүлөт. Тиешелүү токтомго өлкөнүн премьер-министри кол койду. Жаңы жогорку окуу жайы быйыл аяк оона айында Таразда өз ишин баштайт. Аты айтып тургандай, ал жерден суу системасындагы жогорку квалификациялуу кадрлар даярдалат. Атап айтканда, «Суу чарба жана мелиорация», «Геодезия жана картография», «Суу чарбадагы гидротехникалык курулуш», «Суу менен камсыздоонун инженердик системалары», ошондой эле «Суу чарбачылыгындагы инновациялык технологиялар» сыяктуу жаңы билим берүү программалары киргизилет. Университеттин алдыдагы жаңы окуу жылына карата 245 орунга мамлекеттик билим берүү буйрутмасынын максаттуу квотасы бөлүндү. Белгилей кетсек, буга чейин мамлекет башчы Тараз гидромелиорация-курулуш институтун тийиштүү материалдык-техникалык жактан камсыздоо менен калыбына келтирүү боюнча конкреттүү чараларды көрүүнү тапшырган. Жыйынтыгында өкмөт М.Х. Дулати атындагы Тараз аймактык университетин кайра уюштуруу жана анын базасында эки жогорку окуу жайын түзүү чечимин кабыл алды.
Нурлан Ахметов, суу ресурстары жана ирригация министрлиги департаментинин башкы серепчиси:
-Мамлекет башчынын тапшырмасы менен Суу чарба жана ирригация министрлиги Таразда Суу чарба жана ирригация улуттук университетин түзүүгө катышууда. Азыр Илим жана жогорку билим берүү министрлиги менен биргеликте суу тармагындагы жаңы кесиптердин зарылдыгын изилдеп жатабыз. Биз биргелешип артыкчылыктуу багыттарды аныктап, билим берүү стандарттарын иштеп чыгуудабыз. Быйылкы жылдан баштап студенттерди кабыл алууну пландап жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков