Казакстан «Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда суу-энергетикалык кызматташтык механизмин түзүү жөнүндө» келишимдин долбоорун иштеп чыгууда. Бул жаатта тармактык министрлик сугат мезгилинде мамлекет аралык «Достук» каналы аркылуу сууну алууга убадалашкан. Башкача айтканда, чектеш өлкөлөрдөн суу тартыштык мезгилинде Шу жана Талас дарыялары аркылуу жетет. Маселен, Өзбекстан 922 миллион куб метр, Кыргызстан жарым миллиард куб метрден ашык суу жөнөтөт. Акыркысы менен эки өлкө керектеген суунун конкреттүү көлөмүн аныктоодо биргелешкен долбоор колго алынат. Тараптар өз ара атайын эсептегичтерди орнотот. Мындан тышкары жакында боордош мамлекеттердин бир катар ЖОЖдорунун ортосунда кызматташуу боюнча меморандумдарга кол коюлду.
Мөлдир Абдуалиева, суу ресурстары жана ирриагация министрлигинин расмий өкүлү:
- Суу жана ирригация министрлиги 9 жогорку окуу жайы менен кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Эми бул окуу жайларынын студенттери «Казсушар» мамлекеттик ишканасынын филиалдарында өндүрүштүк тажрыйбадан өтө алышат. Дулати атындагы Тараз аймактык университети менен Ташкент ирригация жана айыл чарбасын механизациялоо инженерлери институту кош дипломдук билим берүүнүн биргелешкен программасы боюнча меморандумга кол коюшту. Муну менен суу адистиги боюнча билим алып жаткан казакстандык студенттер коңшу өлкөнүн окуу жайынын дипломун ала алышат.
Ошондой эле, быйыл Казакстан Нидерланд Королдугу менен суу ташкындарына каршы аракеттенүү жана суу тармагында адистерди даярдоо боюнча меморандумдарга кол койду. Кошумчалай кетсек, эл аралык суу агымдарын кеме каттамынан башка пайдалануу укугу боюнча БУУнун конвенциясына кошулган.
Которгон: Илгиз
Жамалбеков