2026-жылга карата Казакстанда уран өндүрүүнүн көлөмү 2023-жылга салыштырмалуу 50% өсөт. Бул тууралуу Улуттук атом компаниясы кабарлады. Белгилей кетсек, быйыл чийки затты өндүрүүнүн деңгээли болжол менен 21,5 миң тоннаны түзгөн. Үстүбүздөгү жылдын он айында Казакстан чет мамлекеттерге жалпы суммасы 3 миллиард долларга жакын кайра иштетилген уранды саткан. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 3 эсеге көп. Муну менен катар, Казакстандын уран экспортунун географиясы да кеңейип келүүдө. 2021-жылы уран 8 өлкөгө жеткирилсе, былтыр бул тизме 11ге көбөйгөн. Экспорттоочу өлкөлөрдүн сап башында Кытай турат. Үчтүн айы-тогуздун айларында республика аталган өлкөгө 923 миллион долларга уран жөнөткөн. Кошумчалай кетсек, «Казатомөнөржай» БАЭнин «Барака» атомдук электр станциясынын энергетикалык керектөөлөрү үчүн Казакстандын табигый уран концентратын жеткирүү боюнча тарыхта биринчи келишимге кол койду. Документ эки өлкөнүн атом компанияларынын ортосундагы кызматташтыгына жаңы дем берери анык.
Которгон: Илгиз Жамалбеков