Казакстан менен Тажикстан союздук мамилелер тууралуу келишим түзүштү. Документке Касым-Жомарт Токаевдин мамлекеттик визитинин алкагында кол коюлду. Эки өлкөнүн лидерлери тарыхый келишим бүткүл Борбор Азия аймагынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылууга өбөлгө түзөрүн белгилешти. Мындан тышкары, тараптар өз ара аракеттенүүнү активдештирүү үчүн негиз боло турган 15 меморандум түзүштү. Касым-Жомарт Токаевдин айтымында, эки өлкөнүн өз ара соода-сатыкты мындан ары өнүктүрүү үчүн толук мүмкүнчүлүктөрү бар. Казакстан Тажикстанга товарлардын 85 түрү боюнча экспортту 200 миллион долларга көбөйтүүгө даяр.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
- Экономикалык кооперацияны күчөтүү үчүн биз эки
өлкөнүн өкмөттөрүнө 2027-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү көбөйтүү жөнүндө жол
картасын кабыл алууну тездетүүнү тапшырдык. Келечекте биз өз ара сооданын
көлөмүн 2 миллиард долларга жеткирүүгө кызыкдарбыз. Товар жүгүртүүнү көбөйтүүгө
агро өнөр жай сектору олуттуу салым кошо алат. Үстүбүздөгү жылдын алты айынын
жыйынтыгы боюнча биздин өлкөлөрдүн бири-бирине айыл чарба продукциясын жеткирүү
көлөмү 12 пайызга өстү. Ал эми бул багытта соода жүгүртүү 300 миллион долларга
жакынды түздү.
Мындан ары эки өлкөнүн кызматташтыгы өнөр жай, айыл
чарба, транспорт, санариптештирүү жана экономиканын башка тармактарында күч
алат. Анткени бул багыттарда бир катар масштабдуу долбоорлор иштелип жатат.
Ошондой эле маданият жана билим берүү чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлор бар.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын
Президенти:
- Казакстан
аймактагы өлкөлөрдүн ичинен эң көп билим берүүчү гранттарды тажикстандык
студенттерге бөлөт. Билим берүү тармагында кызматташууну бекемдөөгө
макулдаштык. Тажикстандын адистерин даярдоонун жана тажик аскердик-техникалык
адистерин окутуунун кошумча мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгабыз. Л. Гумилев атындагы Евразия улуттук университети менен М. Осими атындагы Тажик техникалык
университетинде биргелешкен маалыматтык технологиялар факультетинин ачылышын кубаттайбыз.
Касым-Жомарт Токаев менен Эмомали Рахмон
Тажикстандагы Казакстандын маданият күндөрүнө арналган салтанаттуу концертке
катышышты. Маданий иш-чарада Казакстан менен Тажикстандын белгилүү артисттери
жана театр жамааттары өнөр көрсөтүштү.
Которгон: Илгиз Жамалбеков