Казакстан президенти сенаттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди

Казакстан президенти сенаттын ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берди

Үчүнчү сессиянын башталышынан бери республиканын парламенти 28 мыйзам кабыл алды. Анын 5и депутаттар тарабынан демилгеленген. Бул тууралуу бүгүн президент Касым-Жомарт Токаевге Сенаттын төрагасы Маулен Ашимбаев маалымат берди. Тактап айтканда, бир катар мыйзамдар мамлекет башчысынын турак-жай саясаты, билим берүү жана балдардын укуктарын коргоо, биржалык соода, ишкердик, сот системасы боюнча билдирүүлөрүн жана тапшырмаларын ишке ашыруунун алкагында кабыл алынган. Учурда парламенттин кароосунда креативдүү индустрия, токой чарбасы жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарын жөнгө салган мыйзам долбоорлору турат. Бюджет, курулуш, суу жана салык кодекстери келерки жылы каралат. Ошондой эле, жумушчу кесиптердин жылына арналган парламенттик угууларды өткөрүү пландаштырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков