Түркмөнстанда жазгы күн менен түндүн теңелүү майрамы белгиленди

Түркмөнстанда жазгы күн менен түндүн теңелүү майрамы белгиленди

Нооруз майрамы Түркмөнстанда да кеңири белгиленди. Бул жерде тоо этектеринде жаз майрамына карата ак боз үйлөр тигилген бүтүндөй чыгыш шаары курулду.

Кол өнөрчүлөр мында чеберчиликтерин көрсөтүп, жасаган буюмдарын сунушташат. Бардык жерде чоң казандар тизилип, аларда майрамдын негизги тамагы – сүмөлөк бышырылууда. Бул өнгөн буудайдан жасалган таттуу ботко, жыл түшүмдүү болсун деп аны түнү бою кайнатышат. Жергиликтүү тургундар жана коноктор кызыктуу концертти, балбандардын күч сынашуусун көрүп, селкинчек тебишти.

Равшанбек Алимов, Өзбекстан Республикасынын Түркмөнстандагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси:

– Мен чындап майрамдык, достук маанай тартууланганын белгилегим келет. Бул майрам тынчтыкты бекемдөөгө, өлкөлөр ортосундагы достукту, кызматташтыкты жана жаратмандык өз ара аракеттенүүнү чыңдоого багытталган.

Яна Ангелопулу, Грециядан келген турист:

– Мен Грециядан Түркмөнстанга келдим. Бул жерде болгонума кубанычтамын. Нооруз майрамынын белгиленишине абдан суктандым. Түркмөн элинин меймандостугу бизге терең таасир калтырды жана биз өлкөгө чын жүрөктөн гүлдөп-өсүүнү жана бакубатчылыкты каалайбыз.

Которгон: Илгиз Жамалбеков