Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан Европага «жашыл» энергетикалык коридор курууга кызыкдар

Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан Европага «жашыл» энергетикалык коридор курууга кызыкдар

Казакстан, Өзбекстан жана Азербайжан «жашыл энергетикалык коридор» долбоорунун алкагында биргелешкен ишкана ачууга ниеттүү. Бул жалпы демилге Борбор Азиядан Европага кайра жанма энергияны экспорттоого мүмкүндүк берет. Эске салсак, келишимге үч мамлекеттин башчылары өткөн жылдын жетинин айынын Бакуда өткөн COP-29 климаттык саммитинде кол коюшкан. Ишкана үч мамлекетте альтернативдүү энергия булактарын башкарат. Аймакты жана эски континентти бириктирген жогорку вольттогу желе Каспий деңизинин түбүн бойлой өтөт. Энергетика министрлиги бул долбоорго катышкан мамлекеттердин үлүшү бирдей болоорун белгиледи. Учурда ишкананын курула турган жери боюнча маселе каралууда.


Берден Оспан, Энергетика министрлиги башкармасынын жетекчиси:


- Долбоордун эң башкы артыкчылыгы Борбордук Азия менен Азербайжан Республикасынын энергия системасын бириктирүүгө мүмкүндүк берет. Ошондой эле Каспий деңизинин түбү менен «жашыл» энергияны жеткирүү боюнча Казакстандын экспортунун дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт. Биз болжолдуу балансты бекиттик. Анын алкагында 2029-жылга чейин өлкөлөрдүн альтернативдүү энергия булактарынын жалпы генерациясы болжол менен 5 гигаватты түзөт. Бул багытта бир катар долбоорлор колго алынды. Өткөн жылы бир нече кайра жанма энергия объектилери ишке кошулду. Бул иш быйыл да улантылат.


Белгилей кетсек, 2035-жылга карата Казакстанда кошумча 26 гигаватт жаңы кубаттуулуктарды киргизүү пландалууда. Алардын үчтөн бири альтернативдүү энергия булактарына таандык болот. Учурда өлкөдөгү жалпы энергиянын 6,5%ы жылуулук энергия булактарынан алынат. 153 станция "жашыл" энергияны өндүрөт. Бул жаатта шамал, күн жана чакан гидроэлектростанциялардын үлүшү басымдуулук кылат.


Которгон: Илгиз Жамалбеков