Мамлекет башчысы Юстиция министри Ерлан Сарсембаевди кабыл алды

Мамлекет башчысы Юстиция министри Ерлан Сарсембаевди кабыл алды

Мамлекет башчысы бүгүн юстиция министрин кабыл алды. Ерлан Сарсембаев Касым-Жомарт Токаевге министрликтин «адилеттүү Казакстан: мыйзам жана тартип, экономикалык өсүш, коомдук оптимизм» деген кайрылуусун ишке ашыруу алкагындагы ишмердигинин негизги багыттары, максаттары жана милдеттери тууралуу айтып берди. Ошондой эле президентке ченем жаратуу ишинин сапатын жогорулатуу, мыйзамдын үстөмдүгүн камсыз кылуу жана адилеттүү жана коопсуз коомду түзүү боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Касым-Жомарт Токаев укук системасын калыптандыруу жараянында жарандардын укуктары менен кызыкчылыктарына артыкчылык берүүнүн маанилүүлүгүн баса белгиледи. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Президент бир катар тапшырмаларды берди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков