БУУ диний объектилерди коргоону биринчи орунга коёт

БУУ диний объектилерди коргоону биринчи орунга коёт

Астанада Дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин алкагында биринчи жолу диний объектилерди коргоо боюнча БУУнун атайын сессиясы өттү. Анын өткөрүлүшүн Казакстан Сенатынын спикери, Съезддин катчылыгынын жетекчиси Маулен Ашимбаев белгиледи. Бул Португалияда өткөн БУУнун Цивилизациялар альянсынын 10-Глобалдык форумунда талкууланган демилгелердин уландысы. Катышуучулар дүйнө жүзү боюнча диний курулуштарга болгон коркунучтардын өсүшүнө көңүл бурушту. Алар ибадатканаларды жана ыйык жерлерди коргоо дүйнөлүк коомчулуктун жалпы жоопкерчилиги болушу керектигин жана бул үчүн эл аралык деңгээлде аракеттерди координациялоо зарыл экенин белгилешти. Ошондуктан, мындай маанилүү маселелерди көтөрүү өтө зарыл жана руханий дипломатия тууралуу Казакстанда айтылып жатканы таң калыштуу эмес, деп эсептешет делегаттар. Батыш менен Чыгыштын кесилишинде жайгашкан өлкө эзелтеден элдерди, маданияттарды, диндерди бириктирип келет. Ал эми бүгүнкү күндө өлкөнүн мамлекеттик саясатынын артыкчылыгы– толеранттуулук, маданияттар аралык диалог жана руханий мурасты урматтоо.

Яхья Серджио Яхе Паллавичини, Италиянын диний ислам жамаатынын президенти:

- Менин оюмча, бул абдан маанилүү сессия. Биз Казакстанга БУУнун Цивилизациялар альянсынын колдоосу астында диний объектилерди жана ыйык жерлерди коргоого арналган ушундай маанилүү иш-чараны өткөргөндүгү үчүн ыраазычылык билдиребиз. Биз туш болуп жаткан кыйынчылыктарды эске алганда, адамдарды гана эмес, ыйык жерлерди да коргоо өтө маанилүү.

Маулен Ашимбаев, Парламент сенатынын төрагасы, дүйнөлүк жана салттуу диндердин лидерлеринин съездинин катчылыгынын жетекчиси:

- Бул ыйык жерлердин баары элибиздин тарыхынын бир бөлүгү болуп саналат жана баа жеткис руханий жана маданий мурасыбыз болуп эсептелет. Казакстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2023-жылдагы диндер аралык диалог жана жек көрүү тилине каршы туруу боюнча резолюциясын, ошондой эле БУУнун диний объектилерди коргоо боюнча иш-аракеттер планын колдойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков