«Союз-5/Сункар»
ракетасынын тарыхый учурулушу Байкоңур космодромундагы «Байтерек» комплексинен
ишке ашырылды. Ал учуу сыноосунун бир бөлүгү болду. Ракетанын биринчи жана
экинчи баскычтары күтүлгөндөй иштеди жана толук масштабдуу макет долбоорлонгон
траекторияга ийгиликтүү жайгаштырылды. Учуруу инженердик объекттин толук
иштөөгө даярдыгын тастыктады, бул Казакстандын дүйнөлүк космостук кызматтар
рыногундагы катышуусун кеңейтүүгө жардам берет. Аталган долбоор өлкө үчүн
стратегиялык жактан маанилүү кадам болуп эсептелип, ал өзүнүн заманбап учуруу
инфраструктурасын колдонууга өтүүгө мүмкүндүк берет. Жасалма
интеллект жана санариптик өнүктүрүү министрлигинин маалыматы боюнча, аны ишке
ашыруу жер үстүндөгү объектилерди масштабдуу модернизациялоону камтыган. Буга
учуруу системаларын, башкарууну, күйүүчү май менен камсыздоону жана коопсуздук
системаларын жаңылоо кирет.
Баубек Оралмагамбетов, Жасалма
интеллект жана санариптик
өнүктүрүү, министрлигине
караштуу Аэрокосмостук комитетинин төрагасы:
– Бул Казакстан Республикасынын жана Орусия Федерациясынын президенттеринин жана эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн колдоосу менен биз көптөн бери иштеп келе жаткан иш-чара. Мунун баары биздин стратегиялык, технологиялык өнөктөштүгүбүздүн жана эң негизгиси өз ара ишенимибиздин аркасында мүмкүн болду. Бул ийгилик мындан аркы амбициялуу долбоорлор үчүн жаңы платформа деп эсептейбиз.
Дмитрий Баканов, «Роскосмос» мамлекеттик
корпорациясынын башкы мүдүрү:
– Бүгүн укмуштуудай окуя болду. Бул өкмөттөр аралык долбоор. Казакстандык кесиптештерибиз дагы Космостук державалар клубуна кошулушту жана биз аларды куттуктайбыз. Ракетанын иштешин жакшыртуу жана орбитага мүмкүн болушунча көп пайдалуу жүктөрдү чыгаруу үчүн бул долбоорду өнүктүрө беребиз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

