Акордада маданият жана искусство кызматкерлери сыйланды. Казакстандын Президенти салтанаттуу иш-чаранын катышуучуларын кесиптик майрамы менен куттуктады. Ал маданият казак элинин улуттук иденттүүлүгүнүн жана руханийлигинин негизи экенин баса белгиледи. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү күндө Казакстанда масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашырылып жатканын, анын башкы максаты - өлкөнү күчтүү, алдыңкы мамлекетке айландыруу жана таланттуу жаштар үчүн шарттарды түзүү экенин белгиледи. Конституциялык реформа да ушуга багытталган. Мамлекет башчысы жаңы Баш мыйзамда тарыхый-маданий мурастарды сактоо боюнча маанилүү норма камтылганын белгиледи.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Өткөн жылы эле өлкөдө 61 маданият объектиси курулуп, 250дөн ашык мекемеде оңдоо иштери жүргүзүлдү. 2025-жылы Президенттин Жарлыгы менен бир эле учурда үч музейге «Улуттук» макамы ыйгарылды. Бул иш азыркы жылы да улантылат. Максим Горький атындагы Мамлекеттик академиялык орус драма театрына жана Еркегали Рахмадиев атындагы Мамлекеттик академиялык филармонияга «Улуттук» макамын, ал эми Сабит Муканов атындагы облустук казак музыкалык-драма театрына «Академиялык» макамын ыйгаруу керек деп эсептейм.
Президенттин пикиринде, салттуу искусствону, дастан, терме жана күү поэзиясын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл буруу керек. Таланттуу ишмерлерди колдоо жана алардын чыгармачылыгын Казакстанда жайылтуу максатында «Асыл мурас» аттуу жаңы улуттук сыйлык пайда болот. Өлкөдө окууну жайылтуу боюнча да чоң иштер жүрүп жатат. Жакында эле Президент окуу маданиятын өнүктүрүү жана окуган улутту калыптандыруу жөнүндө Жарлыкка кол койду. Өкмөткө китепкана жана китеп басып чыгаруу ишин мыйзамдык жактан колдоо тапшырылды. Мындан тышкары, «Окуган улут» концепциясы бекитилип, «Жылдын 10 окурманы» республикалык долбоору ишке ашырылат, ошондой эле бирдиктүү жеткиликтүүлүгү бар Улуттук санариптик китепкана платформасы ишке киргизилет. Касым-Жомарт Токаев жакында эле Алтын Ордо боюнча өткөн эл аралык симпозиумду эске салды.
Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:
– Кулжа айынын биринчи декадасында тарыхый-маданий, документтик мурастарды тоталдык санариптештирүү жана жасалма интеллект доорунда сактоо маселелерине арналган III Архивисттер конгресси өтөт. Биздин көп түрдүүлүгү жана толеранттуулугу боюнча уникалдуу маданиятыбызды ар тараптуу жайылтуу Казакстандын Евразияда маанилүү орунду ээлегенин жана бул субконтинентте ар тараптуу коопсуздук системасын түзүүнү жактаган өнүгүү, тынчтыкты сүйгөн мамлекет катары эл аралык кадыр-баркын бекемдөө үчүн абдан маанилүү.
Өлкөнүн маданияты азыркы учурда дүйнөлүк деңгээлде активдүү жайылтылууда. Бул ата мекендик артисттердин, сүрөтчүлөрдүн, музыканттардын, режиссёрлордун жаркын эмгектеринин жана таланттарынын аркасында ишке ашууда. Мамлекет башчысы Silk Way Star эл аралык музыкалык сынагын заманбап маданий дипломатиянын үлгүсү деп атады. Ал өлкөнүн чет өлкөлөрдөгү эң таанымал жана популярдуу медиа долбоорлорунун бири болуп калды. Ал Казакстан Республикасынын Президентинин Телерадиокомплекси менен China Media Group медиакорпорациясынын ортосундагы келишимдин алкагында ишке ашырылган. Ал казак маданиятынын көп түрдүүлүгүн жана эл аралык уюмдар менен өз ара аракеттенүүнү ачып берет. Мамлекет ЮНЕСКОнун тизмесине кирген объектилердин санын көбөйтүүнү көздөөдө. Аягында Президент ата мекендик маданияттын өнүгүшүнө зор салым кошкон таланттуу искусство ишмерлерине жогорку мамлекеттик сыйлыктарды тапшырды.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

