Казакстандын президенти Жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Казакстандын президенти Жогорку аудит палатасынын төрагасын кабыл алды

Жыл башынан бери Казакстанда жалпы суммасы 20 триллион теңгеге 12 мамлекеттик аудит өткөрүлдү. Бул 2024-жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу 7 эсе көп. Бул тууралуу Мамлекет башчысына Жогорку аудитордук палатанын төрагасы билдирди. Алихан Смаилов билдиргендей, аудитордук иш-чаралар орто билим берүү, дары-дармек менен камсыздоо, санариптик өнүгүү, электр энергетикасы жана жогорку жетишкендиктер спорту сыяктуу негизги тармактарда өттү. Өкмөткө жана аудит объектилерине 60тан ашык сунуш жана 450 пункттан турган көрсөтмө жөнөтүлдү. Мындан тышкары, мыйзамдык демилгелердин аркасында Жогорку аудитордук палата бюджеттен тышкаркы фонддорго текшерүү жүргүзүүгө ыйгарым укук алды. Ошондой эле Улуттук фонддун каражаттарын мониторингдөө боюнча комиссиянын иши кайрадан түзүлдү - бул алардын сарпталышынын ачыктыгын жогорулатууга жана көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берет. Касым-Жомарт Токаев мамлекеттик каражаттардын сарпталышына көзөмөлдү күчөтүүгө мүмкүндүк берүүчү заманбап санариптик технологияларды киргизүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Которгон: Илгиз Жамалбеков