Касым-Жомарт Токаев Улытау облусунда каза болгон кенчилердин
туугандарына жана жакындарына көңүл айтуу телеграммасын жолдоду. Мамлекет
башчысы өзгөчө абалдын жагдайларын тыкыр текшерүү милдетин өкмөткө жүктөдү.
Тармактык мекемелерге жана региондун акимчилигине курман болгондордун
үй-бүлөлөрүнө бардык зарыл жардамдарды көрсөтүү тапшырмасы берилди. Эскерте
кетсек, кечээ «Казакмыс» корпорациясынын «Жомарт» кен ишканасында өзгөчө
кырдаал орун алган. Кырсыктын кесепетинен 7 адам каза болгон.
Премьер-министрдин тапшырмасы боюнча атайын комиссия түзүлдү. Аны өкмөт
башчынын орун басары Канат Бозумбаев жетектеди. Комиссия мүчөлөрү окуя болгон
жердеги иликтөөнүн жүрүшү менен таанышты. Учурда анда өзгөчө кырдаалдар
кызматы, ички иштер министрлигинин жана өнөр жай коопсуздук комитетинин
ыкчам-тергөө тобу жана башка мекемелердин өкүлдөрү иш алып барууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

