Казакстан менен
Азербайжан кызматташтыкты арттырууга ниеттенүүдө. Алсак, республика чийки зат
эмес товарлардын 130 түрү боюнча жеткирүүнү дароо 340 млн долларга көбөйтүүгө
даяр. Бул тууралуу Казакстандын Премьер-министринин Бакуга расмий сапары
учурунда белгилүү болду. Азербайжандын президенти Илхам Алиев менен жолугушууда
Олжас Бектенов Касым-Жомарт Токаевдин саламын жеткирип, эки өлкө башчыларынын
ишенимдүү мамилесинин аркасында эки тараптуу кызматташтык өнөктөштүктүн жаңы
сапаттык деңгээлине чыкканын белгиледи. Андан соң Казакстандык министрлер
кабинетинин башчысы кесиптеши Али Асадов менен өкмөттөр аралык сүйлөшүүлөрдү
жүргүздү. Тараптар соода-экономикалык кызматташуу, транспорттук-логистикалык
тармактагы өз ара аракеттенүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү
маселелерин талкуулашты. Белгилей кетсек,
өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстан менен Азербайжан 533 миллион долларга
соода алмашкан. Ал эми Транскаспий транспорттук коридору аркылуу жүк ташуунун
көлөмү 4,5 миллион тоннага жетти. Жолугушуулардын жыйынтыгы боюнча бир катар
эки тараптуу документтерге кол коюлду. Алардын катарында-Казакстан-Азербайжан
багыты боюнча суу алдындагы волоконно-оптикалык байланыш желесин долбоорлоо
жана куруу боюнча. Эске салсак, бул стратегиялык долбоор болуп саналат жана
байланыштын сапатын жогорулатууга жана Азия менен Европанын ортосундагы
маалымат берүүнү жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

