Президент борбордогу жаңы мектептерди кыдырды

Казакстандык окуучулар кайрадан партага отуруп, жаңы окуу жылынын башталышына саналуу күндөр калды.  Бүгүн  Касым-Жомарт Токаев борбор калаадагы улуттук долбоордун алкагында курулган «Ыңгайлуу мектеп» жаңы билим берүү мекемелерин кыдырды. Президент 103- мектептин  заманбап жабдуулар менен жабдылган окуу кабинеттерин көрүп чыкты. Бул жерде мекеменин аймагында да, мектеп ичинде да видеобайкоо системалары, ошондой эле кирүүнү контролдоо системалары орнотулган. Башталгыч жана жогорку звенодогу окуучулар үчүн кабинеттерди өзүнчө блоктор боюнча бөлүүнүн аркасында кошумча коопсуздук камсыз кылынган. Ошондой эле өзгөчө билимге муктаж балдар үчүн бардык зарыл шарттар даярдалган. Андан соң мамлекет башчысы 101-мектепте болду. Бул жерде эки нөөмөт менен  4 миңден ашык бала окутулат.  Касым-Жомарт Токаев окуу жана чыгармачылык кабинеттери, ошондой эле спорттук жана жыйындар залдары менен таанышты. Жаңы мектеп балдардын чыгармачылык көндүмдөрүн өнүктүрүүгө, санариптик жана робототехниканы үйрөнүүгө жана жасалма интеллектти колдонууга басым жасайт. Астана акими Женис Касымбек мамлекет башчысына «Ыңгайлуу мектеп» улуттук долбоорунун алкагында учурда борбордо 24 мектептин курулушу жүрүп жатканын маалымдады. Билим берүү министри белгилегендей, жалпысынан өлкөдө 300дөн ашуун орто билим берүү мекемелери  курулуп жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков