Казакстан менен Air Products компаниясынын кызматташтыгы Акордодо талкууланды

Казакстан менен Air Products компаниясынын кызматташтыгы Акордодо талкууланды

Казакстандын Президенти Касым-Жомарт Токаев америкалык Air Products компаниясынын башкы аткаруучу мүдүрү Эдуардо Менезес менен мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясы тармактарындагы кызматташтыкты өнүктүрүү келечегин талкуулады. Касым-Жомарт Токаев Кошмо Штаттар Казакстандын ири экономикалык өнөктөштөрүнүн бири экендигин жана өлкө өз ара пайдалуу байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экендигин белгиледи. Өз кезегинде Эдуардо Менезес компаниясы республиканын экономикасына инвестиция салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Атап айтканда, Air Products мунайды кайра иштетүү жана мунай химиясы тармактарында, ошондой эле көмүрдү терең иштетүү долбоорлорун ишке ашырууга кызыкдар экендигин айтты. Белгилей кетсек, бул компания жаратылыш газын кайра иштетүү боюнча дүйнөлүк лидерлердин бири. Ошондой эле ал өнөр жай газдарын өндүрүү чөйрөсүндө да алдыңкы орунду ээлейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков