Казакстан таза сууну
тазалоо жана коопсуз жеткирүү, ошондой эле саркынды сууларды кайра иштетүү,
пайдалануу үчүн заманбап технологияларга жана билимге жете алат. Мажилис дал
ушуну көздөгөн Чек аралык суу каналдарын жана эл аралык көлдөрдү коргоо жана
пайдалануу боюнча 1992-жылдагы конвенцияга Суу, ден соолук маселелери жөнүндө
протоколду кабыл алды. Документти ратификациялоо ошондой эле өлкөгө биргелешкен
мониторинг жана эрте эскертүү системаларын жана өзгөчө кырдаалдар учурундагы
иш-аракеттер пландарын түзүүгө катышууга мүмкүнчүлүк берет. Эске сала кетсек,
бул тиричилик булагы менен камсыз кылуу, санитария жана ден соолук сактоо
маселелерин бириктирген дүйнөдөгү алгачкы эл аралык келишим. Максаты – суу
ресурстарын туруктуу башкаруу эсебинен калктын ден соолугун коргоп,
бакубаттуулугун арттыруу.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

