Астанада музейлерди санариптештирүү боюнча эл аралык семинар өтүүдө

Астанада музейлерди санариптештирүү боюнча эл аралык семинар өтүүдө

Казакстанда музей тармагын санариптештирүүнүн жаңы этабы башталды. Улуттук музейде ата мекендик адистер жана Түркиядан келген серепчилердин катышуусунда эл аралык семинар өтүүдө. Анын алкагында музейдин ишиндеги заманбап технологияларга арналган лекциялар, практикалык сабактар, мастер-класстар уюштурулган. Өлкөнүн ар кайсы аймактарындагы 30га жакын музейден келген 100дөй кызматкер санариптик трансформациялоонун заманбап ыкмаларын, музей фонддорун башкарууну, интерактивдүү экспозицияларды түзүүнү жана инновациялык чечимдерди киргизүүнү үйрөнүшөт. Кийин бул алган билимдерин иш жүзүндө колдонот деп мерчемделген. Ошондой эле, семинардын мыкты 10 катышуучусу Түркиядан кошумча билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Тиешелүү мекеменин өкүлдөрү белгилегендей, жакында Казакстанда музей экспонаттарын санариптештирүү убактысын бир нече сааттан бир нече мүнөткө чейин кыскартууга мүмкүндүк берген атайын жабдуулар сатылып алынат. Жаңы технология алгач республикалык улуттук музейлерге, кийин облустук музейлерге киргизилет.


Алишер Есенжолов, Маданият жана спорт министрлиги департаментинин башкы серепчиси:


– Белгилүү бир монументтерди, экспонаттарды, тарыхый эстеликтерди кыска мөөнөттүн ичинде санариптештирүүгө мүмкүндүк берген атайын жабдууларды сатып алууга даярдыктар жүрүп жатат. Мурун бул салыштырмалуу узак убакытты талап кылса, азыр биз аны бир нече мүнөттүн ичинде жасай алабыз. Өткен жылы Е-музейи киргизилип, экспонаттары санариптештирилген. Бул мектеп окуучуларына, бардык жарандарга биздин тарыхыбызды, маданиятыбызды билүү үчүн керек, санариптештирүүнүн негизги максаты ушул.

Которгон: Илгиз Жамалбеков