ЕАЭБ алкагында экономикалык резервдерди жана интеграциялык дараметти максималдуу пайдалануу. Бул 2024-жылга болжолдонгон жана бүткүл глобалдык системаны күткөн өлкөлөрдүн экономикалык өсүшүнүн басаңдашына каршы турууга жардам берет. Бул тууралуу Касым-Жомарт Токаев Санкт-Петербургда өткөн Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынында айтты. Президенттин пикиринде, экономиканын конкреттүү тармагында технологиялык кооперацияны өнүктүрүү Биримдикке мүчө өлкөлөр үчүн негизги милдеттердин бири болуп саналат. Бул кабыл алынган «Евразиялык экономикалык жол» декларациясында чагылдырылган. Бул өз кезегинде товарлардын эркин жүрүүсүнө жаңы дем бериши керек.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биз жалпы рынокто
тоскоолдуктарды жана чектөөлөрдү жоюп, бирдиктүү техникалык регламенттерди киргизүүнү тездетишибиз керек. Евразиялык экономикалык
биримдигинин бирдиктүү маалыматтык тутумунун толук форматта иштеши мүчө мамлекеттердин
ортосунда
товар жеткирүү учурунда бизнестин чыгымдарын олуттуу азайтууга өбөлгө түзөт.
Электрондук соода тармагында эффективдүү кызматташууну орнотууга көп мүмкүнчүлүктөр бар. Былтыр Евразиялык
экономикалык биримдигинде аталган рыноктун жалпы көлөмү 80 миллиард
долларга
жетти.
Жакынкы келечекте бул көрсөткүч эки эсеге көбөйүшү мүмкүн. Бирок биз муну менен эле
токтоп калбайбыз. Биз бажы жол-жоболорун өркүндөтүү жана онлайн сооданын эффективдүү, тең укуктуу экосистеманы түзүү багытында мүмкүн болушунча жигердүү иштешибиз керек.
Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн дүйнөлүк рыногунда айыл чарба өнүмдөрүнүн экспортунун үлүшүн көбөйтүү зарыл. Ошондой эле, агрологистика жана өнүм сактоо системасын өнүктүрүү, агроинновациялык борборлорду түзүү маселесин иштеп чыгуу зарыл. Мамлекет башчысынын айтымында, биримдик евразиялык мейкиндикти бириктирүүчү стратегиялык звено катары кызмат кылат. Бул үчүн Касым-Жомарт Токаев долбоорлорду ишке ашырууну, анын ичинде ири порттордун, логистикалык борборлордун жана почта хабдарынын өнөктөштүк тармагын түзүүнү сунуштады.
Касым-Жомарт Токаев,
Казакстан Республикасынын Президенти:
- Биринчиден, кеп Жакынкы
Чыгыш, Иран, Пакистан жана Индия мамлекеттерине чыгуу менен Түндүк-Түштүк коридорун
өнүктүрүү жөнүндө болуп
жатат.
Буга байланыштуу Челябинск-Болашак-Иран каттамын ишке киргизүү боюнча
казакстандык
демилге
иш жүзүндө жүзөгө
ашырылып жатканын кубануу менен белгилейм. Коридорду мындан ары өнүктүрүү
үчүн Казакстан,
Орусия жана Түркмөнстандын логистикалык компанияларынын биргелешкен ишканасы түзүлүүдө. Мен бул ишке биримдиктин
башка мамлекеттеринин темир жол башкармаларын чакырам.
Муну менен катар, IT тармагы да көңүлдөн тыш калган жок. Казакстандын президенти Инди океанынын жээгиндеги эл аралык линияларга кошулуу үчүн Орусия-Казакстан-Иран каттамы боюнча була-оптикалык байланыш желесин куруу мүмкүнчүлүгүн карап чыгууну сунуштады. Бул Биримдиктин дүйнөлүк деңгээлдеги позициясын бекемдейт. Ошол эле учурда, бирикме башка мамлекеттер менен соода-экономикалык байланыштарды өнүктүрүүгө тийиш. Мисал катары Иранды атады. ЕАЭБ өлкөлөрү эркин соода боюнча толук форматтагы келишимге кол койду. Мамлекет башчысынын айтымында, Индия, Бириккен Араб Эмираттары, Египет, Индонезия, Монголия жана башка кызыктар мамлекеттер менен бул багытта максаттуу иштерди улантуу зарыл.
Которгон: Илгиз Жамалбеков