Казакстандын Президенти жасалма интеллект тармагындагы сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Казакстандын Президенти жасалма интеллект тармагындагы сынактардын жеңүүчүлөрүн сыйлады

Казакстандын Президенти Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборуна барды. Бул жерде жаңы долбоорлор жана жасалма интеллект технологиялары пайда болот. Алар мамлекеттик же бизнес секторлоруна гана эмес, казакстандыктардын күнүмдүк жашоосуна да киргизүүгө арналган. Бүгүн бул жерде «Astana Smart City» долбоору ишке киргизилди - бул шаардын маалыматтарын жана системаларын реалдуу убакыт режиминде бириктирген AI-платформасы.


Ошондой эле Касым-Жомарт Токаевдин катышуусунда бир нече билим берүү демилгелери башталды. Ошентип, өлкөнүн 14 аймагында жасалма интеллект боюнча Tomorrow School окуу жайлары ачылды. Таланттуу өспүрүмдөр үчүн TUMO Astana креативдик технологиялар борбору да иштей баштады. Президентке ошондой эле Alem.ai базасында жайгаша турган AI Research University – изилдөө да көрсөтүлдү. Ал аяк оона айынын 1де жаңы студенттер үчүн эшигин ачат. Андан кийин мамлекет башчысы Alem.ai battle жана AI Governance Cup сынактарынын жеңүүчүлөрүн сыйлады. Ал өлкөнү жаңы деңгээлге чыгаруучу кыймылдаткыч болуп прогрессивдүү жаштар болоорун белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Биздин негизги баалуулуктарыбыз Элдик Конституциянын Преамбуласында жазылган. Мамлекеттин эң жогорку наркы - эл. Ошондуктан адамдык капиталды өнүктүрүү конституциялык милдет катары аныкталган. Баш мыйзамда Казакстан илимди, билим берүүнү жана инновацияларды өнүктүрүүнү мамлекеттин стратегиялык багыты катары тааныйт деп ачык айтылат.


Касым-Жомарт Токаев интерактивдүү форматта «Келечек оюндары-2026» эл аралык турниринин башталышына чейинки саноого старт берди. Касым-Жомарт Токаев өлкөдө жаңы технологияларды өнүктүрүү жана киргизүү үчүн пайдубал түзүлгөнүн белгиледи. Жасалма интеллект жана санариптик өнүгүү министрлиги түзүлдү. Жаңы технологияларды киргизүү үчүн мыйзамдык база иштелип чыгып, Санариптик кодекс кабыл алынды. «Жасалма интеллект жөнүндө» мыйзам күчүнө кирди. Жакынкы аралыкта өлкөнүн санариптик өнүгүү векторун аныктай турган Digital Qazaqstan стратегиясы да бекитилет. Мындан тышкары, суперкомпьютердик кластер ишке киргизилди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Тоталдык санариптештирүү жана жасалма интеллектти киргизүү азыркы учурда мамлекеттик башкаруу системасынан баштап креативдүү индустрияга чейин өлкөбүздү ар тараптуу модернизациялоонун негизги факторлорунун бири болуп саналат. Жайында Астанада «Келечек оюндары» өтөт. Классикалык дисциплиналар менен киберспорттун кесилишиндеги мелдештерге дүйнөнүн 50 өлкөсүнөн миңге жакын спортчу катышат. Жаңы спорттук формат алдыңкы технологияларды күнүмдүк жашоого активдүү интеграциялоого мүмкүндүк берет. Эң негизгиси, жаштар арасында спортту популяризациялоого өбөлгө түзөт.


Касым-Жомарт Токаев белгилегендей, санариптештирүү жана жасалма интеллект өлкөдө масштабдуу өзгөрүүлөргө жол ачат. Демек, бул тармакка жогорку квалификациялуу кадрлар керек. Бул үчүн студенттер, мугалимдер жана окуучулар Эй-Ай көндүмдөрүнө үйрөнүшүүдө. Албетте, мамлекет башчысы эки сынакта демилгеленген сунуштарды белгиледи. Иштеп чыгуулар идея же пилоттук долбоорлор деңгээлинде калбашы керек. Касым-Жомарт Токаев баса белгилегендей, негизги максат – инновацияларды мамлекеттик органдардын ишине бара-бара масштабдаштыруу болуп саналат.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков