Казакстандын Президенти жаңы Конституцияны ишке ашыруу боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү. Касым-Жомарт Токаев алдыдагы мыйзамдардын жана башка ченемдик укуктук актылардын жоболорун жаңы Баш мыйзамга ылайыкташтыруу боюнча масштабдуу иш турарын айтты. Буга байланыштуу, эң алды менен бийлик институттарынын ишин аныктай турган мыйзамдарды оңдоонун зарылдыгына көңүл бурду. Жалпысынан алты конституциялык мыйзам жана башка мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү боюнча үч мыйзам кабыл алуу зарыл. Аларды Парламенттин сессиясы аяктаганга чейин кабыл алуу керек. Мамлекет башчысы мыйзамдарды сапаттуу жана өз убагында иштеп чыгып, кабыл алууну тапшырды. Ошондой эле Өкмөт мыйзамга көз каранды ченемдик укуктук актыларды кечиктирбестен оңдоого тийиш.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

