Келечектеги 5 жылда Казакстанда 8 жаңы көмүр электр
станциясы курулуп, иштеп жаткан 11 станция жаңыланат. Натыйжада 8 ГВт кошумча
энергия кубаттуулугун алуу көздөлүп жатат. Бул чийки зат өлкөнүн жалпы
өндүрүштүк көлөмүн арттыруу менен катар, санариптик платформалар үчүн да
маанилүү кубат булактарынын бири. Ошентип, быйыл республикада 129 млн тоннага
жакын көмүр өндүрүү пландаштырылууда. Былтыр бул көрсөткүч 116 млн тоннаны
түзгөн. Жалпы Казакстандын көмүр кору 33,6 млрд тоннаны түзөт. Өкмөт отурумунда көмүр энергетикасын өнүктүрүү жана тиешелүү улуттук
долбоорду ишке ашыруу маселелери талкууланды.
Олжас Бектенов, Казакстан
Премьер-министри:
– Көмүр кору боюнча биз дүйнөдөгү алдыңкы 10
өлкөнүн катарына киребиз. Бул – биздин олуттуу атаандаштык артыкчылыгыбыз жана
аны натыйжалуу пайдаланышыбыз керек. Ошону менен катар, акыркы убакта курчап
турган чөйрөгө зыяны аз «Таза көмүр» технологиялары активдүү өнүгүүдө. Жаңы
ыкмалар көмүр кычкыл газын 90 пайызга чейин кармап калууга мүмкүндүк берет. Биз
бул багыттагы ишти жигердүү улантышыбыз зарыл.
Бүгүнкү күндө өлкөдө көмүрдү терең иштетүүгө басым
жасалууда. Мисалы, көмүр химиясы тармагында 3 долбоор ишке ашырылууда.
Биринчиси - Караганды облусунда наркы 132 млрд доллар болгон, кубаттуулугу 1
млн тонна металлургиялык кокс өндүрүүгө жөндөмдүү завод куруу. Ошондой эле
аталган аймак менен Павлодар облусунда наркы 63 млн жана 65 млн доллар болгон 2
долбоор ишке ашырылат. Алардын ар бири көмүрдөн 100 миң тоннага чейин дизель
отунун өндүрүүгө мүмкүндүк берет. Мындан тышкары дагы 3 ири долбоор иштелип
жатат. Муну менен катар көмүрдөн жылына 2 млрд куб метр газ өндүрө турган
долбоор бар.
Ерлан Аккенженов, Энергетика министри:
– 2025-жылы келишимдердин иш
программасына ылайык көмүр өнөр жайына инвестициялардын көлөмү 305 млрд теңгени
түздү. Ал эми 2026-жылы тармакка инвестиция тартуу 553,5 млрд теңге болот деп
күтүлүүдө. Министрлик көмүр тармагындагы геологиялык чалгындоону өнүктүрүүгө
өзгөчө көңүл бурат. Жылдын аягына чейин 10го жакын жер казынасынын участогун
көмүр кендерине жер казынасын пайдалануу укугун берүү боюнча аукцион өткөрүү
пландалууда.
Улуттук долбоордун алкагында көмүр станцияларынан чыккан зыяндуу заттардын көлөмү 34 пайызга кыскарат деп күтүлүүдө. Өкмөт тиешелүү министрликтерге бир айдын ичинде ар бир станция үчүн «таза көмүр» технологияларын киргизүүнүн атайын «жол картасын» иштеп чыгууну тапшырды
Которгон: Илгиз Жамалбеков

