Казакстан Президенти ички иштер министрин кабыл алды

Казакстан Президенти ички иштер министрин кабыл алды

Касым-Жомарт Токаев өлкөдөгү криминогендик абал тууралуу маалымат алды. Мамлекет башчынын кабыл алуусунда ички иштер министри болду. Ержан Саденовдун айтымында, комплекстүү чаралардын натыйжасында өткөн жылы өлкөдө кылмыштардын саны 12 миңден ашыкка азайды. Жалпысынан алганда, акыркы жылдары республикада кылмыштуулуктун деңгээлинин кыйла төмөндөө тенденциясы байкалууда. Ошондой эле, тергөөнүн заманбап методдорун киргизүү жолу менен бардык категориялар боюнча кылмыштардын бетин ачуу жакшырды. Өлкөдө уюшкан нарко-кылмыштуулукка, ошондой эле интернет алдамчылыкка каршы активдүү күрөш жүрүп жатат. Ошентип, өлкөдөн 2 миллиард теңгеден ашык акча алып чыгуу токтотулду. 

Ержан Саденов, Ички иштер министри: 

- Президентке өспүрүмдөрдүн укуктарын коргоо, миграциялык көзөмөлдү күчөтүү, жол коопсуздугун камсыз кылуу, жазык-аткаруу системасын жакшыртуу боюнча чаралар тууралуу маалымат берди. Мамлекет башчысы коомдук коопсуздукту жана жарандардын тынчтыгын камсыз кылуу боюнча конкреттүү тапшырмаларды берди. 

Которгон: Илгиз Жамалбеков