Казакстандын Президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Казакстандын Президенти Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү

Мамлекет башчысы жума күнү Дональд Трамп менен телефон аркылуу сүйлөштү. Касым-Жомарт Токаев америкалык лидерди АКШнын көз карандысыздыгынын 250 жылдыгы менен куттуктады. Казакстандын Президенти ошондой эле Дональд Трамптын акыл-эстүүлүк принциптерине негизделген саясатын колдой турганын белгилеп, анын өлкөдө ишке ашырылып жаткан Адилеттүү Казакстанды куруу стратегиясына шайкештигин баса белгиледи. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө эки тараптуу экономикалык кызматташтык жана саясий өз ара аракеттенүү маселелери боюнча пикир алмашышты. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын ядролук куралдын жана байытылган урандын жайылышына жол бербөө жана МАГАТЭ менен кызматташуунун маанилүүлүгү боюнча позициясынын өзгөрүүсүз экендигин тастыктады. Ошондой эле Ак үй жана америкалык ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрү менен болгон акыркы байланыштарды оң баалады. Сүйлөшүүнүн соңунда Касым-Жомарт Токаев Дональд Трампты Казакстанга сапар менен келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков