Казакстанда жаңы аба терминалы ачылды

Казакстанда жаңы аба терминалы ачылды

Кызылордо шаарында "Коркыт Ата" аэропортунун жаңы терминалы ачылды. Казакстан үчүн маанилүү инфраструктуралык долбоорду ишке ашыруу кошумча аба каттамдарын, анын ичинде эл аралык аба рейстерди ачууга, транзиттик дараметти, жүргүнчү жана жүк ташууну эки эсеге көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өкмөт башчынын терминалдын ачылышы бул ички туризмди, сооданы жана жалпы экономиканы өнүктүрүүгө оң таасирин тийгизерин айтты. Олжас Бектенов жаңы терминал аба портунун сыйымдуулугун 7 эсеге жогорулатканын белгиледи. Башкача айтканда, кабыл алуу жылына 300 миңден 2 миллион жүргүнчүгө чейин көбөйдү. Жаңыланган объект эл аралык аба транспорту Ассоциациясынын жана эл аралык жарандык авиация уюмунун жогорку стандарттарына ылайык салынды. Аэропорттун жаңы имараты телескопиялык тепкичтер, кол жүктү текшерүүнүн автоматташтырылган тутуму жана башка алдыңкы технологиялар менен жабдылган. Белгилей кетсек, долбоор өлкө Президентинин тапшырмасы менен ишке ашырылды.

Олжас Бектенов, Казакстандын Премьер-Министри:

- Дээрлик эки жылдын ичинде заманбап стилдеги жайлуу, кооз терминал курулду. Учурда Президентибиздин демилгеси менен атамекендик бизнес өкүлдөрү аймактарда социалдык жоопкерчилик модели боюнча ири объектилерди курууга катышууда. Жаңы терминал Кызылорда облусунун өнүгүшүнө жаңы дем берет деп ишенем.

Баян Ажмолдаев, «Коркыт Ата» аэропорту» АК башкарма төрагасы:

- "Коркыт Ата" аэропортунун жаңы терминалынын жалпы аянты 7500 чарчы метрди түзөт. Учурдагы терминалга салыштырмалуу үч эсеге чоң. Быйыл 3 ай катары менен Кызылорда-Анталия түз каттамдары аткарылды. Кийинки жылы биз бул каттамдарды улантабыз. Бул терминал саатына 250 жүргүнчүнү тейлейт. Бул терминалда жүргүнчүлөр үчүн бардык шарттар түзүлгөн. Учурда бизде жумасына 26 каттам аткарылып жатат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков