Алматыдагы «Медеу» муз аянтчасы 2027-жылга карата эл аралык макам алып, легендарлуу атак-даңкын кайрадан жандандырышы мүмкүн. Дүйнөдөгү эң бийик жайгашкан ачык стадиондордун бири заманбап талаптарга ылайык жаңыланат. Курулуш иштери быйыл башталат. Натыйжада кышкы спорттун түрлөрү боюнча эл аралык мелдештерди өткөрүүгө мүмкүнчүлүк туулат. Белгилей кетсек, жарым кылым мурда бул шаар курулушу менен архитектура эстелигин тургузууга Борис Яглинский жетекчилик кылган. Анын айтымында, убагында спорттук жетишкендиктердин символуна айланган «Медеу» муз аянтчасында 200дөн ашуун дүйнөлүк рекорд коюлган.
Борис Яглинский, «Медеу» долбоорунун мурдагы башкы инженери:
- 1973-жылы жасалма муз аянтчасы менен жабдылган «Медеунун» биринчи сезону өттү. Ошол жылы дүйнөдөгү эң мыкты 375 натыйжанын 246сы дал ушул жерде орун алган. Калган 126 рекорд дүйнө жүзү боюнча башка муз аянтчаларында катталган.
Белгилей кетсек, Казакстан эл аралык «Медеу» коньки тебүүчүлөр союзунан өзгөчө макам алууга ниеттенүүдө. Бул муз аянтчасын дүйнөлүк аренада атаандаштыкка жөндөмдүү кылат. Жаңыланган комплекс эл аралык деңгээлдеги хоккей, муз үстүндөгү спидвей турнирлерин жана көркөм муз тебүү боюнча дүйнөлүк жылдыздардын шоусун уюштурууга мүмкүндүк берет.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

