Казакстан президенти Вашингтонго иш сапары менен барды. Касым-Жомарт Токаевди АКШнын мамлекеттик катчысынын биринчи орун басары Кристофер Ландау күтүп алды. Мамлекет башчысын Америка Кошмо Штаттарында окуган казак студенттери да тосуп алышты. Ал мекендештер менен бир аз баарлашып, аларга ийгилик каалады. Белгилей кетсек, Касым-Жомарт Токаев президент Дональд Трамп менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт, ошондой эле «Борбор Азия – АКШ» саммитине катышат.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

