Казакстандык оор атлетчи Едиге Емберди
Испаниянын Леоне шаарында өтүп жаткан өспүрүмдөр арасындагы Дүйнө чемпионатында
алтын медалга ээ болду. 89 килограммга чейинки салмак категориясында күч
сынашып, жуптук таймаштын жыйынтыгы боюнча 352 килограммга жеткен. Экинчи
орунду Ирандык Алиреза Абаспур, үчүнчү орунду Колумбиялык Джоксер Альборнос
ээледи. Белгилей кетсек, оор атлетика боюнча дүйнө чемпионаты аяк оона айынын 27не
чейин өтөт. Алдыдагы мелдештерге Казакстандын атынан дагы 5 спортчу катышат.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков