Бул күндөрү бүткүл дүйнө Астанага көз салып турат.
Сарыарканын төрүндө канат жайган Улуу талаа дүбүртүнө көпчүлүктүн көңүлү
бурулуп турган кез. Борбор калаанын спорт аянтчаларында шамдагайлык,
интеллектуалдык көчмөн элдердин улуттук оюндары өтүп жатат. Ой-чабытты чыңдап, кыраакылыкты
талап кылган байыркы оюндардын бири – чүкө атуу. Казакстандын курама командасы
биринчи турдан эле ата-баба мурасынын татыктуу мураскерлери экенин көрсөттү. Монголиялык
атаандаштарын 2:0 эсебинде таза утту. 12 өлкөдөн 39 команда жеңишке жетишүүгө
үмүттөнүүдө. Эми Казакстандын курама командасы Өзбекстандын, Испаниянын,
Грузиянын жана Венгриянын оюнчуларынын алдында өз чеберчилигин далилдеши керек.
Белгилей кетсек, бул оюн Мажар өлкөсүндө абдан популярдуу. Венгриянын курама
командасынын мүчөсү өлкөдө чүкө атууну каалагандардын саны өсүп жатканын айтат.
Атилла Вашш, V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын катышуучусу:
- Бул оюн биз менен байыртадан бери келе
жатат. Бирок, тилекке каршы, кийинчерээк унутула баштап, массалык ойноодон
калдык. Улуу муундун аркасы менен сакталып, кайрадан жандана баштады. Азыр бизде
Жанаргүл деген казак машыктыруучубуз бар. Быйылкы жылдан баштап ал венгриялык
студенттерге чүкө атуу оюнун үйрөтүп келет. Талыкпай машыгып, командабызды
түздүк. Өзбек оюнчуларына утулуп калганыбызга карабай Испанияны 3:0 эсебинде
жеңдик. Эми Грузия менен оюндагы жеңиштүү жолубузду үзбөөгө аракет кылабыз.
Борбор калаага келген ар бир спортчу жеңиши менен сыймыктанат. Алардын арасында мас-рестлинг, башкача айтканда, таяк тартыш боюнча мелдештин катышуучулары оор машыгуунун үзүрүн көрүүгө үмүттөнүшөт. Бул жерде 33 өлкөнүн эң күчтүүлөрү өз ара бактарын сынап жатышат. Баары билектүү. Катышуучулар бири-бирине карама-каршы отуруп, буттарын мелдеш аянтын бөлүп турган тактага коюшат. Эң негизгиси, таякчаны өз жагына сүйрөп кетүү керек. Болбосо каршылаштын колунан жулуп алганы жеңишке жетет. Таяк тартыш балбандардын биринин эки жолу жеңишке жеткенине чейин уланат. Сыйлык ээлери эркектер жана аялдар үчүн жеке кароолор менен аныкталат. Өлкө намысын коргогондордун арасында сыйлык алган спортчу бар. Ольга Душаева менен Тахмина Кожамердиева курама куржундарын коло медаль менен толтурушту.
Тахмина Кожамбердиева, V дүйнөлүк көчмөндөр оюндарындагы коло байгенин ээси:
- Мен бир жылдан бери бул спортко кызыгам.
Алектенип жүргөнүмө жарым жыл болду. Укмуштуудай абдан кызыктуу спорт. Абдан
күчтүү атаандаштар болду. Айрыкча биринчи орунду алган кыргыз кызы жакшы
даярданып келиптир. Чын жүрөктөн куттуктайм.
Которгон:
Илгиз Жамалбеков