Эртеден бери алар өлкөнүн шаарлары менен райондорундагы шайлоо участокторун кыдырып жүрүшөт.
Дмитрий Кобицкий, КМШ ПАА кеңешини комиссиясынын башкы катчысы:
- Биздин миссия Казакстанда гана эмес. Мындан тышкары, Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин дээрлик бардык өлкөлөрүндө, шаарларында, ошондой эле Францияда, Кореяда жана Кытайда, Бельгияда жана башка көптөгөн мамлекеттерде адилеттүү объективдүү жыйынтыктарды чыгарууга мүмкүндүк берет. Өлкөнүн өзүндө эле эмес, чет өлкөлөрдө ачылган шайлоо участкаларынын ишине да көңүл буруп жатабыз.
КМШ Парламенттер аралык Ассамблеясынан байкоочулар миссиясын 61 адам түзөт. Алардын шайлоого көз салышы, анын ичинде чет өлкөлүк участоктордо шайлоо өнөктүгүнүн улуттук мыйзамдарга жана эл аралык стандарттарга шайкештиги жөнүндө жыйынтыгы үчүн негиз болуп саналат.
Вагаршак Акобян, КМШ ПААнын эл аралык байкоочулар тобунун координатору:
- Биз уюштуруу процессине күбө болуп жатканыбызды өзгөчө белгилеп кетким келет. Ал эң жогорку деңгээлде жүрүп жатат. Шайлоого байкоо жүргүзгөн сайын шайлоо өнөктүгү демократияга жасалган кадам деп ишенимдүү айтабыз. Биздин байкоочулар миссиясы уюштуруу процессинин натыйжаларына канааттанды. Анткени бардыгы абдан демократиялуу жүрүп жатат, олуттуу көйгөйлөр жок. Баардыгы мыйзам чегинде.
Казакстандагы кезексиз парламенттик шайлоолорго жана ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынан эл аралык байкоочулар тобуна мониторинг жүргүзүүдө. Алардын ишинде борбор калаада жана Акмола облусунда 10 миңден ашык участок бар.
Александр Маркевич, ЖККУ Парламенттик Ассамблеясынан эл аралык байкоочулар тобунун координатору:
- Бул биздин үчүнчү шайлоо участогубуз, биз шайлоо участкаларында болуп, ачылышытарына катыштык, гимнди уктук, алгачкы шайлоочуларды көрдүк, шайлоонун уюштурулушу, шайлоо участкаларындагы уюштуруу иштери боюнча абдан жакшы таасирлер болду. Мунун баары эл аралык стандарттарга, Казакстан Республикасынын Шайлоо кодексине ылайык келет. Жогорку уюшкандыкта өтүп жатат. Албетте, шайлоо жакшы сапатта уюштурулуп, татыктуу деңгээлде өтөөрүнө ишенем. Ал эми казак элинин эрки шайлоонун жыйынтыгына жараша болот.
Белгилей кетсек, эл аралык байкоочулардын топтору добуштарды саноо аяктаганга чейин шайлоо участокторуна көз салышат. ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочуларынын катышуусунда КМШнын байкоочулар миссиясынын жыйынтыктоочу маалымат жыйыны эртең, жалган куран айынын 20на белгиленген.
Которгон: Илгиз Жамалбеков