Казакстандын Президенти Парламенттин ишинин жыйынтыгын чыгарды

Казакстандын Президенти Парламенттин ишинин жыйынтыгын чыгарды

Теке айынын 1нен баштап Казакстанда жаңы Конституция күчүнө кирет. Баш мыйзам менен катар мамлекеттик бийлик системасы да реформаланат - эки палаталуу Парламенттин ордуна бир палаталуу Курултай келет. Бул тууралуу Казакстандын Президенти Парламенттин палаталарынын биргелешкен жыйынында билдирди. Касым-Жомарт Токаев өлкө тарыхында биринчи кесипкөй Парламент 30 жыл мурда түзүлгөнүн эске салды. Ушул жылдар аралыгында 3,5 миңге жакын мыйзам кабыл алынган, алардын ар ондон бири парламентчилердин өздөрү тарабынан демилгеленген. Касым-Жомарт Токаев Казакстандын өнүгүүсүнө кошкон салымы жана мекенине берилгендиги үчүн бардык чакырылыштардагы Мажилистин жана Сенаттын депутаттарына ыраазычылык билдирди.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


– Мамлекеттик Баш мыйзамды жалпы элдик референдумда кабыл алгандан кийин, сиздер биздин мамлекетибиздин укуктук тутумун жаңы конституциялык чындыктарга сапаттуу жана кыска мөөнөттө ылайык келтире алдыңыздар. Тактап айтканда, Парламент тез арада тогуз мыйзам топтомун, анын ичинде алты конституциялык мыйзамды иштеп чыгып, кабыл алды.


Мамлекет башчысы өлкөнү мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын белгиледи. Президент мамлекеттик бийликтин архитектурасын калыптандырууну негизги артыкчылыктардын бири деп атады. Ошондой эле жаңы экономикалык моделге өтүү маанилүү милдет болуп саналат, аны ишке ашыруу үчүн заманбап ыкмалар жана жаңы жумуш ыкмалары талап кылынат. Башка артыкчылыктар арасында мамлекет башчысы энергетикалык, инженердик жана транспорттук-логистикалык инфраструктураны бекемдөө, ошондой эле толугу менен санариптик мамлекетти түзүү жана адам капиталын өнүктүрүүнү белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


Баш мыйзам чыгаруучу башкы орган боло турган Курултай алдыдагы ишинде бардык негизги багыттар боюнча үзгүлтүксүз ырааттуулукту камсыздап, бай институционалдык тажрыйбаны сактап, парламенттик өзгөчө маданиятты кылдаттык менен өнүктүрүшү керек. Курултай өзүнө жүктөлгөн жооптуу мыйзам чыгаруу миссиясын татыктуу аткаруу менен коомубузда мыйзам жана тартиптин, эмгекчилдик менен өнүгүүнүн, тазалык менен жаратылышка аяр мамиленин бекем принциптеринин орношуна ар тараптуу салым кошоруна ишенем.

Которгон: Илгиз Жамалбеков