Сенат академиялык чөйрө менен меморандум түздү

Сенат академиялык чөйрө менен меморандум түздү

Өлкө парламенти мыйзам иштеп чыгуу процессине академиялык чөйрөнү тартууну көздөп жатат. Бул максатта Сенат менен Maqsut Narikbayev University кызматташуу боюнча меморандумга кол койду. Документте биргелешкен серепчилик диалогду түзүү жана мыйзам чыгаруу демилгелерин иштеп чыгууда талкууларды өткөрүү каралган. Анда тараптардын кеңешмелик-талдоочулук кызматташтыгына катыштуу эрежелер камтылган. Жогорку палатанын спикери адилеттүү Казакстанды куруу үчүн өлкөдө жаңы мыйзамдар зарыл экенин, бул жаатта социалдык топтордун пикири мүмкүн болушунча эске алынышы керектигин баса белгиледи.

Маулен Ашимбаев, Парламент Сенатынын төрагасы:
- Мыйзам чыгаруу иштерине жаңы ыкмалар менен механизмдерди киргизүү зарыл. Бул жаатта долбоордук башкаруунун мааниси чоң. Ал аркылуу биз мыйзам долбоорлорун иштеп чыгууга компетенттүү адистерди тарта алабыз. Башкача айтканда, бир катар жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу зарыл. Ушундай жол менен мыйзамдардын актуалдуулугу жана сапаты жогорулайт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков