Казакстанда экологиялык таза авиациялык отун өндүрүүчү завод куруу көздөлүүдө

Казакстанда экологиялык таза авиациялык отун өндүрүүчү завод куруу көздөлүүдө

Казакстанда экологиялык таза авиациялык отун чыгаруучу завод курулат. Республиканын премьер-министри Олжас Бектенов жана америкалык LanzaJet компаниясынын жетекчилиги долбоорду ишке ашырууну талкуулашты. Завод этанолду дан, жүгөрү жана картошкадан экологиялык жактан таза авиациялык отунга кайра иштетүү үчүн алдыңкы технологияларды колдонот. Ишкана жылына 50 миң тоннадан ашык органикалык авиациялык отун жана 100 миң тоннага чейин биоэтанол өндүрүүнү пландаштырууда. Бүгүнкү күндө техникалык-экономикалык негиздеме аяктады. Белгилей кетсек, долбоор «жашыл» авиацияны өнүктүрүүгө жана агро өнөржай комлексин терең кайра иштетүүгө багытталган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков