Казакстандын Президенти Түркестан облусунун коомчулугу менен жолугушту

Казакстандын Президенти Түркестан облусунун коомчулугу менен жолугушту

Мамлекет башчысы казакстандыктарды өлкөнүн руханий борбору – Түркестан шаарында Нооруз майрамы менен куттуктады. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү күндө облус туруктуу өсүштү көрсөтүп жатканын белгиледи: экономика болжол менен 14%га өстү, бир жарым триллион теңгеден ашык инвестиция тартылды, ондогон социалдык объектилер курулду. Мамлекет башчысы аймактын Жаңы Конституция боюнча өткөн референдумга активдүү катышканын да белгиледи, анда Түркестан шаарынын жана облусунун тургундарынын 92 пайыздан ашыгы добуш берген. Президенттин айтымында, укуктук мамлекетти куруу ар дайым талаа маданиятынын бир бөлүгү жана ата-бабалардын асыл тилеги болуп. Бүгүнкү күндө Жаңы Конституция тарыхый мыйзамдардын жыйнагына таянып, заманбап чакырыктарга жооп берип, бул салттарды улантууда. Баш мыйзамдын негизги максаты – көз карандысыздыкты, эгемендүүлүктү, өлкөнүн аймактык бүтүндүгүн сактоо, ошондой эле жарандардын укуктарын жана эркиндиктерин коргоо, деп баса белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Түркестан өнүгүүсүн улантат. Эске салсак, шаардын өзгөчө макамы мыйзамдуу түрдө бир жыл мурун бекитилген. Аймакты алдыда маанилүү эл аралык окуя күтүп турат: бугу айынын ортосунда Түрк мамлекеттеринин уюмунун лидерлеринин саммити өтөт.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

– Бугу айынын ортосунда Түркестан шаарында Түрк мамлекеттер уюмунун лидерлеринин жогорку деңгээлдеги жолугушуусу пландаштырылган. Дүйнөдөгү азыркы туруксуз кырдаалда бул эл аралык иш-чара өзгөчө мааниге ээ болду. Өкмөт жана акимчилик бул саммитти сапаттуу уюштурууга биринчи кезекте көңүл бурушу керек.

Мамлекет башчысы ошондой эле Нооруз майрамына карата элдик майрамдоолорго катышты. Бул жерде Президент казакстандыктар менен баарлашып, майрамдык программаны көрдү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков