Бириккен Улуттар Уюму жана АКШ аялдардын укуктарын жана балдардын коопсуздугун коргоо боюнча Казакстандын жаңы мыйзамын колдоорун билдирди. Алар бул багыттагы жасалган мыйзамсыз аракеттерди кылмыш жоопкерчилигине тартууну туура көрөт. Тактап айтканда, документ алкагында соттолуучулар өз колу менен жасаганды мойну менен тартуу үчүн катаал жаза алууну туура деп эсептейт. Алардын пикири боюнча, бул кыйын кырдаалга туш болгон калктын аялуу катмарынын кызыкчылыгын коргоонун жаркын үлгүсү.
Микаэль Фриберг-Стори, БУУнун Казакстандагы туруктуу координатору:
- Бул гендердик зомбулукту токтотуу үчүн жасалган чоң кадам. Башкача айтканда, Казакстандын адам укуктарын, өзгөчө аялдар менен балдардын укуктарын коргоону колдогонунун белгиси. Өлкөнүн бул багытта жасаган кылмыштарга каршы күрөшүү саясаты жүрүп жатканын көрсөтүп турат. Бириккен Улуттар Уюму бул толеранттуулук саясатын ар бир аялга жана эркекке, кызга жана балага чындыкка айландыруу жолунда Казакстан менен кызматташууну улантууга жана жарандык коомго, ошондой эле, өлкөдөгү бардык адамдарга колдоо көрсөтүүгө даяр.
Кристофер Соренсен, Казакстандагы АКШ элчилигинин маалымат-атташеси:
- Биз Казакстандын аялдарынын укуктарын жана балдарды коргоону күчөткөн жаңы мыйзамды кабыл алуусун кубаттайбыз. Бул көйгөй эч бир өлкөнүн, коомдун же кандайдыр бир социалдык-экономикалык топтун назарынан сырткары калбай турганы талашсыз. Биз Казакстан коомчулугунун үй-бүлөдөгү зордук-зомбулук кылмыштуу аракет деген пикирине толук кошулабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков