Казакстандын
президенти Түрк мамлекеттеринин уюмунун XII саммитине катышты. Эскерте кетсек,
ал Азербайжандын Габала шаарында өтүүдө. Касым-Жомарт Токаев бүгүнкү күндө ТМУ таасирдүү
жана кадыр-барктуу структурага айланганын, ал достук мамиледеги түрк элдерин
бириктирип турганын баса белгиледи. Ага көптөгөн өлкөлөр кызыгууда. Казакстан «Түрк тилдүү
мамлекеттердин уюму +»
форматын түзүү идеясын колдойт - бул кызматташтыкты кеңейтип, ТМУнун эл аралык
кадыр-баркын жогорулатат.
ТМУнун башкы максаты –
аймактагы туруктуулукту жана тынчтыкты бекемдөө. Касым-Жомарт Токаев түрк
мамлекеттери коркунучтарга каршы туруу жаатында ийгиликтүү кызматташтыкты жолго
койгонун белгиледи. Бирок жетишкендиктерге токтолуп калууга болбойт. Чек арасы
жок жаңы коркунучка – киберчабуулдарга биргелешип каршы туруу зарыл. Бул уюмдун
алкагында Киберкоопсуздук боюнча кеңеш түзүү аркылуу мүмкүн, деп белгиледи
мамлекет башчысы. Албетте, түрк мамлекеттеринин туруктуулугунун жана гүлдөп
өнүгүшүнүн негизи – экономикалык кызматташтык. Казакстандын президенти «Түрк
дүйнөсүнүн келечеги – 2040» программасын толук ишке ашырууга көңүл бурууга
чакырды. Бул жерде Түрк инвестициялык фондунун мүмкүнчүлүктөрүн пайдалануу маанилүү.
Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев транспорттук-логистикалык байланыштарды,
анын ичинде Транскаспий эл аралык транспорттук маршрутун өнүктүрүү зарыл деп
эсептейт.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

