Казакстан сугат мезгилинде «Достук» каналы аркылуу Өзбекстандан 920 миллион чарчы метрден ашык суу алат

Өзбекстандан Казакстанга 922 миллион чарчы метр суу келет. Келерки сугат мезгилинде ресурстар «Достук» каналы аркылуу жиберилет. Бул макулдашууга мамлекеттер аралык суу чарбачылыгын координациялоо  комиссиясынын 86-жыйынында жетишилди. Ага Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан кирет. Муну менен катар, Түркестан облусунун Шардара суу сактагычында 5 миллиард чарчы метр суу топтолду. Ал эми Кыргызстандын «Токтагул» ГЭСинде топтолгон 8 миллиард чарчы метр суу өлкөнүн түштүгүндөгү талааларды сугарууга пайдасы бар.

 

Бейбарыс Данабаев, суу ресурстары жана ирригация министрлиги департаментинин башкы серепчиси:

 

-Биздин башкы милдетибиз - сел суусун жетиштүү өлчөмдө топтоп, Каспий, Балкаш, Камыс-Самар көлдөрүнө, Улытау облусунан Кызылорда облусунун көлдөрүнө жана башка жакка жиберүү. Ошондой эле Түштүк аймактарды суу менен камсыз кылуу да маанилүү. Бул маселеде суу дипломатиясы абдан чоң роль ойнойт.

 

Ошондой эле, учурда Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан «Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосунда суу-энергетикалык кызматташтык механизмин түзүү тууралуу» келишимдин долбоорун иштеп чыгууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков