К.Токаев Палестинанын президентин Казакстанга чакырды

К.Токаев Палестинанын президентин Казакстанга чакырды

Касым-Жомарт Токаев Палестинанын президенти Махмуд Аббас менен телефон аркылуу сүйлөштү. Мамлекет башчылары саясий диалогду бекемдөө жана соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты кеңейтүү дараметин талкуулашты. Тараптар Жакынкы Чыгыштагы абалды жөнгө салуу боюнча пикир алмашты. Казакстандын президенти «Эки эл үчүн эки мамлекет» формуласынын негизинде аймактагы тынчтыкты жана туруктуулукту тез арада орнотууга багытталган глобалдык аракеттерди колдой турганын билдирди. Махмуд Аббас дүйнөдөгү туруктуулукту жана коопсуздукту чыңдоодо Казакстандын өзгөчө ролуна көңүл бурду. Мамлекет башчысы Палестинанын президентин Астанага келип кетүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков