Америкалык стриминг платформасы Алматы тууралуу шоу тартат

Netflix Алматынын жана Иле Ала-Тоонун кооздугун ачып берет. Америкалык стриминг платформасы мегаполисте саякат тууралуу реалити-шоу тартат. Тартуу иштери бугу айынын 20-30 аралыгында болот. Шаар акимчилиги белгилегендей, бул долбоор өлкөнүн таанымалдуулугун жана Казакстандын эле эмес, бүткүл аймактын туристтик дараметин жогорулатат. Белгилей кетсек, саякат шоусунун дагы бир локациясы Кыргызстандын кооз жерлерин да камтыйт.

 

Камила Лукпанова, ALMATY TOURISM BUREAU жетекчиси:

- Реалити-шоу Борбордук Азиянын табиятын, ошондой эле, Борбордук Азиядагы эң ири мегаполистин шаардык духун көрсөтөт. Жалпысынан дүйнөдө таанымал багыттардан бөлөк жаңы багыттардын тренди кызуу жүрүп жатат. Ал эми саякатчылар, өзгөчө капчыгы калың туристтер Борбордук Азия аймагын адам буту баспаган, көз жоосун алган жаратылышы үчүн тандашат. Экотуризм дүйнөдө трендге айланып баратат. Ошондуктан, дүйнөлүк туристтик аудитория биздин багытка кызыгат. Андыктан Netflixтин бизге келип жатканына таң калбай, тескерисинче абдан кубанычтабыз. Анткени биз буга чейин Amazon Prime командасы менен жолугушканбыз. Жакынкы арада бизге дагы бир чоң компания келет.

 

Эске сала кетсек, буга чейин The New York Times басылмасы 2024-жылы барууга арзырлык дүйнөдөгү 52 жердин салттуу тизмесин жарыялаган. Анда Казакстандын Алматы шаары 25-орунда жайгашкан.

 

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков