Борбор Азия өлкөлөрү Коррупцияга каршы күрөштө кызматташууну активдештирүүгө ниеттенүүдө. Жарандык коомду алдын алуу жана аны менен күрөшүүгө тартуу, мыйзамсыз чыгарылган активдерди кайтаруу жана чөйрөнү санариптештирүү сыяктуу багыттарга артыкчылык берилет. Бул тууралуу эл аралык конференцияда серепчилер жана тармактык мекемелердин өкүлдөрү айтышты. БУУнун баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аймактык өкүлүнүн айтымында, Борбор Азия республикалары өз ара аракеттешүүнүн көп жылдык тажрыйбасына ээ. Биргелешкен ишти күчөтүү үчүн маанилүү инструмент катары БУУнун Коррупцияга каршы конвенциясын тездетип ишке ашыруу үчүн аймактык платформа бар Оливер Штольпе баса белгиледи. Ал экинчи жылдан бери натыйжалуу аянтча катары кызмат кылып келет. Анда өлкөлөр маалымат, билим берүү менен гана тажрыйба алмашпастан, ошондой эле региондук антикоррупциялык саясаттын артыкчылыктарын макулдаша алышат.
Оливер Штольпе, Ооганстан, Борбор Азия, Иран жана
Пакистан боюнча БУУНун өкүлү:
- Биз өлкөлөргө БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын жоболорун толук ишке ашырууда колдоо көрсөтөбүз. Андыктан биз коррупцияга каршы күрөшүү боюнча улуттук пландарды иштеп чыгуу, БУУнун Коррупцияга каршы Конвенциясынын жоболоруна толук шайкеш келтирүү үчүн колдонуудагы мыйзамдарды кайра карап чыгуу сыяктуу ар кандай саясий демилгелерге колдоо көрсөтүп жатабыз. Биз адис-практиканттарга тергөөчүлөргө жана профилактикалык иш-чаралар менен алектенгендерге тренингдерди өткөрөбүз жана кесиптештерибиз менен бирге активдерди кайтарып алуу маселесинин үстүндө иштеп жатабыз.
Которгон: Илгиз Жамалбеков