Казакстан менен Монголия түрдүү багытта 11 документ бекитти

Монголия-Казакстандын эң маанилүү өнөктөштөрүнүн бири. Эки элдин жалпы салттары жана маданий-тарыхый тамырлары бир. Бул тууралуу Мамлекет башчысы президент Ухнаагийн Хурэлсух менен чакан жана кеңейтилген курамда жолугушууда билдирди. Бул Касым-Жомарт Токаевдин Мамлекет башчысы катары Монголияга болгон алгачкы сапары. Ошондуктан тараптар бул сапар эки өлкөнүн мамилелерин стратегиялык өнөктөштүк деңгээлине алып чыгат деп ишенишет.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Жалпысынан, сүйлөшүүлөр абдан ийгиликтүү өттү деп айтууга толук негиз бар. Атап айтканда, экономикалык мамилелерди жандандыруу боюнча макулдашылды. Казакстан жана Монголия Азиядагы эң ири өлкөлөрдүн катарына кирет. Ошондуктан, өз ара соода жүгүртүү масштабдуу болушу керек. Өткөн жылы соода көлөмү дээрлик 150 миллион долларды түзгөн. Бул көрсөткүчтү жакында 500 миллион долларга жеткирүү пландалууда. Бул үчүн, соода алакадагы товарлардын түрүн көбөйтүү керек. Ошондой эле экономикалык интеграцияга тоскоол болгон тоскоолдуктарды жоюу кажет.

Тараптар эки тараптуу соода-экономикалык кызматташууга импульс бере турган жол картасын кабыл алышты. Мындан тышкары, ар түрдүү тармактар боюнча 10 документке жана Казакстан менен Монголиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү түзүү жөнүндө декларацияга кол коюлду. Касым-Жомарт Токаев айыл чарба, тоо-кен иштери, энергетика тармагындагы долбоорлордун маанилүүлүгүн өзгөчө белгиледи.

Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:

- Казакстандык ишкерлер Монголиянын тоо-кен тармагын изилдөөгө даяр. Биздин сүйлөшүүлөр транспорттук-логистикалык маселелер жаатында ийгиликтүү өттү. Эл аралык коридорлордун атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу-маанилүү милдеттердин бири. Бул үчүн эки өлкө ортосундагы жана башка мамлекеттер менен транспорттук байланышты өркүндөтүү зарыл. Ошондо биздин өлкөлөрдүн аймагында ташылган жүктөрдүн көлөмү көбөйөт. Транс-Каспий жолун жана Түндүк-Түштүк коридорун натыйжалуу пайдалануу маанилүү.

Ухнаагийн Хурэлсух, Монголия Президенти:

- Казакстан Республикасы-Борбордук Азиядагы Монголиянын стратегиялык өнөктөшү болгон алгачкы мамлекет. Биз буга кубанычтабыз. Биздин расмий сүйлөшүүлөр ишкердик мүнөзү боюнча жылуу жана ийгиликтүү өттү. Буга байланыштуу биз 30 жыл ичиндеги жетишкендиктерибиздин жыйынтыгын чыгардык. Биз кызматташуубузду жаңы мазмун менен байытуу, байланыштын бардык чөйрөсүн мындан ары кеңейтүү боюнча жемиштүү пикир алмаштык.

Казакстан Монголия менен Алтай туристтик кластерин өнүктүрүүгө жана жалпы туристтик маршруттарды түзүүгө кызыкдар. Мындан тышкары, Касым-Жомарт Токаев өлкөнүн жогорку окуу жайлары Монгол студенттерине бөлүнгөн квоталарды көбөйтөөрүн белгиледи. Бул өлкөдөгү казак диаспорасы бекем достуктун алтын көпүрөсү экенин белгилебей коюуга болбойт. Президент кандаштарга кам көргөндүгү үчүн өзгөчө ыраазычылык билдирди. Ал ошондой эле Монголиянын Президентин келерки жылы мамлекеттик сапар менен Казакстанга келүүгө чакырды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков