Казакстандын Президенти Армениянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстандын Президенти Армениянын премьер-министри менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү

Казакстан менен Армения 15 өкмөттөр аралык жана мекемелер аралык документке кол коюшту. Алар экономикадан жана өнөр жайдан баштап санариптештирүүгө жана илимге чейинки негизги тармактарда кызматташтыкты тереңдетүүгө багытталган. Ошондой эле атомдук энергетика боюнча келишимдер жана биргелешкен Ишкердик кеңешти түзүү боюнча макулдашуулар түзүлдү. Документтер менен алмашуу бүгүн Акордада өлкөнүн президенти Касым-Жомарт Токаевдин жана Армениянын премьер-министринин катышуусунда болду. Никол Пашинян Астанага расмий сапар менен келди. Тараптардын сүйлөшүүлөрү тар жана кеңейтилген форматта өттү. Казакстандын президенти бул сапар өлкөлөр ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн өнүгүшүнө түрткү берерин баса белгиледи.


Касым-Жомарт Токаев, Казакстан Республикасынын Президенти:


- Армения Казакстандын Түштүк Кавказдагы негизги саясий жана соода-экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат. Казак эли армян элин, анын байыркы тарыхын, бай маданиятын жана каада-салттарын өзгөчө урматтайт. Сиздин өлкө казакстандыктар үчүн эң көп талап кылынган туристтик багыттардын бири болуп калды. Ушул жылы биздин өлкөлөрдүн жакындашуусуна өбөлгө түзгөн маанилүү иш-чаралар болуп өттү. Арменияда биринчи жолу Казакстандын маданият күндөрү орун алды, Ереванда улуу казак акыны жана агартуучусу Абай Кунанбай уулунун урматына парк ачылды.


Казакстан менен Армениянын ортосунда эки тараптуу соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана илимий-билим берүү байланыштары өнүгүүдө. Касым-Жомарт Токаев менен Никол Пашинян жолугушуу учурунда алардын өнүгүү келечегин, ошондой эле транзиттик-транспорттук чөйрөнү, инвестициялык өз ара аракеттенүүнү, жер казынасын пайдаланууну, айыл чарбасын, санариптештирүүнү жана жасалма интеллектти киргизүүнү, саламаттыкты сактоону талкуулашты. Белгилей кетсек, өткөн жылы Казакстан менен Армениянын ортосундагы соода жүгүртүү 82 миллион долларды түзгөн. Бирок көлөмү бир топ өсүшү мүмкүн. Казакстан Армениянын рыногуна 350 миллион долларлык товарларды сунуштоого даяр.


Никол Пашинян, Армениянын Премьер-Министри:


- Биз Казакстанды өлкөбүз үчүн абдан жакшы үлгү деп эсептейбиз. Биз казак элин сыйлайбыз жана бул сый-урмат эки тараптуу мамилелерди мындан ары өнүктүрүүнүн негизи болуп саналат. Бүгүн Казакстандын президенти менен биз өз ара аракеттенүүнү мындан ары өнүктүрүүнүн негизги багыттарын талкуулоого мүмкүнчүлүк алдык. Менин оюмча, аймактагы өзгөрүүлөрдү эске алуу менен экономикалык кызматташтык, транспорттук байланыштарды чыңдоо үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылууда. Транспорт тармагындагы болгон дарамет толугу менен ишке ашырылышы керек деп эсептейм, натыйжада биз үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылат.


Чындыгында эле, Түштүк Кавказдагы жаңы геосаясий кырдаал эки тараптуу жана аймактар аралык байланыштарды, өзгөчө транспорттук-транзиттик тармакта өнүктүрүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүдө, деп белгиледи Касым-Жомарт Токаев. Мисалы, жетинин айында Азербайжандын аймагы аркылуу Арменияга 1 миң тонна казакстандык буудайдын биринчи партиясы жеткирилген. Ошол эле учурда республика Арменияга жогорку сапаттагы дан азыктарын жана башка товарларды үзгүлтүксүз жеткирүүгө даяр. Өлкөлөр түз аба каттамдарын ачуу да көздөлүүдө.


Мындан сырткары, бүгүн Казакстандын президенти Армениянын премьер-министрине казак-армян мамилелеринин өнүгүшүнө кошкон зор салымы үчүн «Алтын Қыран» орденин тапшырды.


Которгон: Илгиз Жамалбеков