Казакстанда жылдын аягына чейин Курулуш жана Санарип кодекстери, ошондой эле «Банк иши жөнүндө» мыйзам кабыл алынат. Президентке парламенттин төмөнкү палатасынын ишмердүүлүгү тууралуу Мажилистин төрагасы маалымат берди. Ерлан Кошановдун айтымында, шайлоо, керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо, укук бузуулардын алдын алуу боюнча мыйзам долбоорлору да иштелип жатат. Бүгүнкү күнгө карата жалпысынан 15 мыйзам кабыл алынып, Сенатка жөнөтүлдү, дагы 77 мыйзам төмөнкү палатанын кароосунда турат. Мажилистин төрагасы парламенттик дипломатиянын алкагындагы иштердин жыйынтыгы тууралуу да айтып берди. Казакстанга Монголиянын жана Венгриянын парламенттеринин төрагалары расмий сапар менен келишти. Депутаттар ЖККУнун Парламенттик Ассамблеясы, ТүркПА, КМШ ПАА жана башка эл аралык уюмдар менен да жемиштүү кызматташууда.
Которгон: Илгиз Жамалбеков

